Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун стратегиялык, геосаясий мааниси чоң экенин бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, темир жолдун курулушу менен Кыргызстан транзиттик мамлекетке айланат: “Темир жолдун курулушу менен Кыргызстан туңгуюктан чыгат. Биз бул жол менен деңизге, Азия өлкөлөрүнө дагы чыга алабыз".
Темир Сариевдин эсебинде, темир жолдун курулушу менен Кыргызстанга кирип жаткан товарлардын наркы да бир кыйла арзандайт: “Мисалы, азыр автоунаа 10 тонналык жүктү 40 миң долларга тартып келет, ушул эле жүктү темир жол менен тартып келсе жүктүн наркы 2 миң доллар болуп калат. Тактап айтканда, жүктүн наркы 4-5 эсеге төмөндөйт”.
Былтыр 6-июнда Бээжинде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.
Жыл соңунда - 27-декабрда Жалал-Абад облусунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өткөн.
Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян багытындагы бул темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзүп, анын 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.