Соода-өнөр жай палатасынын бюджети 2024-жылы 86 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Соода-өнөр жай палатасынын бюджети 2022-жылы декабрда 32 миллион сом болсо, 2023-жылы 64 миллион сом, ал эми 2024-жылы 86 миллион сомго жетти. Ал эми ушул жылы Соода-өнөр жай палатасынын бюджетин 100 миллион сомго жеткирүү максаты коюлган.
Ошондой эле Соода-өнөр жай палатасы 2024-жылы ишкерлерге жардам берип, көмөк көрсөтүү жаатында активдүү иш алып барды. Дүйнөдөгү экономикалык жактан потенциалдуу өлкөлөрдөн бизнес өнөктөштөр тартылды. Ивестициялык климатты жакшыртуу аракеттери жана бизнес чөйрөнү колдоо, эл аралык бизнес өнөктөштөрдү тартуу боюнча ийгиликтер болду.
Белгилей кетсек, палатанын бюджети мүчөлүк акыдан, тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, сертификат жана лицензия берүүдөн түзүлөт. Ошондой эле эл аралык денгээлде соода-өнөр жай көргөзмөлөрүн, бизнес форумдарды өткөрөт.