Бүгүн эртең мененки 9:40 чамасында, Талас районунун Ак калпак конушунда “Хонда Одиссей” менен “Фольксфаген Пассат” үлгүсүндөгү автомашиналар кагышып кеткен.
Талас-Тараз жолундагы бул кырсыктан бир адам окуя болгон жерде каза таап, жабыркаган 6 адам Талас облустук ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы ооруканадан дагы бир адам каза болгон. Бул тууралуу УТРК Таласка жергиликтүү милициядан билдиришти.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, жабыркагандардын экөөнүн абалы оор, алар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Калган үчөө жаракат бөлүмүндө.
Кырсыктын себептерин Талас райондук ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат.