Ысык-Көлдүн Түп районунда жашаган 15 балалуу үй-бүлөгө Президент Садыр Жапаров тарабынан “Мерседес-спринтер” үлгүсүндөгү 17 орундуу кичи автобус белекке берилди. Мындай белек былтыр жыл соңунда берилгенин бүгүн бул үй-бүлөдөн кабар алганы барган УТРК Ысык-Көлдүн кабарчылары билдиришти.
Түптүн Ой-Булак айылынын тургундары Нурмат Асаналиев менен Назира Асаналиева 11 кыз, 4 уулдун ата-энеси. 15 баланы төрөгөн эне болгону 50 жашта, балдардын атасы 54 жашта. 15 балалуу ата-эненин учурда 4 күйөө баласы, 14 небереси бар. Балдардын улуусу 29 жашта болсо, кичүүсү 3 жашта.
Өлкө башчысы белекке берген 17 орундуу кичи автобус менен бул үй-бүлөгө эми баары чогуу каалаган жерине жетип алууга шарт түзүлдү.