Нарын облусундагы 143 мектепте 60 миң 149 окуучу билим алат. Бүгүнкү күнгө карата окуучулардын сабакка катышуусу 87.6 пайызды түзүүдө.
Райондор боюнча алсак, жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын мектепке келүүсү Ак-Талаа районунда 93, Ат-Башы районунда 92, Жумгал районунда 81, Кочкор өрөөнүндө 85, Нарын районунда 83, Нарын шаарында 90.5 пайызды түзүүдө.
Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун башчысынын орун басары Сейтек Кошалиев мектеперде от казандардын бардыгы иштеп жылуулук нормада болгондуктан, окуучуларга кошумча эс алуу берүүгө негиз жоктугун билдирди.