Ак-Талаа районунун Баетов айылында жүн жана тери иштетүүчү ишкана ачылат. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда, малдын терилерин жана койдун жүнүн кайра иштетүү максатында жергиликтүү бюджеттен 2 млн. 675 миң сом бөлүнгөн.
Каражатка 5 атайын жабдууларды сатып алуу үчүн мамлекттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланып, утуп алган коом тарабынан 2 млн. 126 миң сомго жабдуулар толугу менен алынып келди.
“Керектүү жабдыктар автобазанын бир кампасына түшүрүлдү. Аны иштетүүчү үчүн 3 фазалуу электр тутуму керек экен. Аны тарттырып берсек, орнотуп, иштетип беришет. Бул ишкана ишке киргенде 5-10 кишиден кем эмес жумуш оруну түзүлүп, жүн, тери таштандыга ыргытылбай калат. Иштетилген кебез таңгакталып, жууркан-төшөккө туура келген өлчөмдө даярдалат” , - деди Мыдыкеева.
Ошондой эле иштетип кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерге ишкананы ижарага берүү жагы дагы каралууда.