2024-жылы Нарын облусунун аймагында 438 кылмыш иши катталса, анын 90 пайызынын бети ачылган. Мунун ичинен 45и оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери болсо, анын 44үнүн бети ачыкталган. Бул тууралуу маалыматтар Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. Анда мыйзамдуулукту, кызматтык этиканы так сактоо менен коррупциялык аракеттерге жол бербөө маселеси баса белгиленди.
Нарын облусу мал киндиктүү болгондуктан көбүнчө катталган кылмыш иштери мал уурулук, уурулук менен байланыштуу болот. Көпчүлүк мал ээлери малдарын жайытка кароосуз таштап коюшкандыктан мал уурулук менен шугулдангандар талаадан жүктөп кетишет. Натыйжада кылмыштын бетин ачууда кыйынчылыктар жаралат.
Өткөн жылы катталган жалпы 438 кылмыш ишинин 41и мал уурулукка байланыштуу болгон. Ал эми адам өлтүрүү боюнча 18 факты катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен бардык кылмышкерлер кармалган.
Ал эми ачылбай калган иштер боюнча иликтөөлөр уланууда.