Өткөн жылы Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө оор жана оор кылмыштын бетин ачууга, коомдук коопсуздукту сактоого салым кошкон кызматкерлерди шыктандыруу максатында “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жарыяланган.
Анын жыйынтыгы чыгарылып, өз жумушунда алгылыктуу көрсөткүчтү жаратып, мыкты деп табылган 12 милиция кызматкеринин ар бири Ички иштер министрлиги даярдаган Түркияда эс алуу үчүн эки кишилик жолдомолорго ээ болду.
Жолдомону министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырды. Ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн дагы бир нече тартип сакчыларына жана мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен ички иштер бөлүмдөрү дипломдор менен сыйланды.
Кеңешмеде Адылбек Бийбосунов кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берип, мыйзамдуулукту сактоо баарынан маанилүү экенин айтып, кызматтык этиканы кармануу жана коррупциялык аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин баса белгиледи. Аны менен катар эле элге сапаттуу тейлөө көрсөтүү, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.