Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Айрым ректорлор өз окуу жайында коррупция жайылышына салым кошууда
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев: Айрым ректорлор өз окуу жайында коррупция жайылышына салым кошууда

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын имаратында, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусунда профилактикалык кеңешме өткөрдү.


 Анда УКМК төрагасы Жогорку билим берүү системасынын кызматкерлерине улуттук коопсуздук органдары тарабынан аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берди. Алсак, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 миллиард 287 миллион сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулганы, 1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылганы (жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор, заводдор ж.б.) жана 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалымдалды.   

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында билим берүү тармагы боюнча УКМК тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандыгы үчүн 42 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулуп, жумуштан алынган. Мамлекеттин кирешесине 207 млн. 700 миң сом кайтарылган.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, козголгон жана иликтенип жаткан кылмыш иштерин талдоо  көрсөткөндөй билим берүү тармагындагы коррупция учурлары ар түрдүү формаларга, коррупциялык зоналарга ээ болуп, мындай мыйзам бузуулар көп кездешет. Тагыраагы, ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана аккредитациялоо, ЖОЖго кирүү, ЖОЖдордун билим берүү ишмердүүлүгү, ЖОЖдордун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, ЖОЖдордогу мамлекеттик сатып алуулар, ЖОЖдордун кадр саясатын ишке ашыруу, бул билим берүү тармагындагы коррупциялык зоналардын жана тобокелдиктердин толук тизмеси эмес, айрым ак ниетсиз ЖОЖдун окутуучулары жана жетекчилери академиялык бүтүндүктү сактабастан өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына өз салымын кошуп жаткандыгы белгиленди.


Аны менен катар УКМК төрагасы "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, 2025-2026-жылдары УКМК өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөнүн билдирди.

Сөзүнүн аягында Камчыбек Ташиев коррупция сыяктуу ыплас иштер менен биргелешип күрөшүү керектигин айтып, ар бир кызматкерди таза жана адилеттүү иштөөгө, жемкорлукту жок кылууга чакырды.