2025-2026-жылдары УКМК өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатат.
Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин (орун басарлары), ЖОЖдордун ректорлорунун, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун катышуусундагы профилактикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде 70-80 пайызды түзүп, үрөй учурган абал болгон.