Жаңылыктар
Таласта кылмыштуулук бир жылда 17 пайызга азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта кылмыштуулук бир жылда 17 пайызга азайды

Бүгүн Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын 2024-жыл ичинде аткарган кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев да катышты.


Алгач 2024-жыл ичинде өз кызматтык милдеттерин так аткарган, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчөлөнгөн кесиби боюнча мыктылар жана Ардагерлер кеңештери сыйланды. Жыл жыйынтыгы менен 1-орунга Бакай-Ата РИИБдин, 2-орунга Талас РИИБдин, 3-орун Талас ШИИБдин Ардагерлер кеңештери татыктуу болушту.


Эркебек Аширходжаев кесиби боюнча мыктыларды жана Ардагерлер кеңештерин куттуктап, дипломдорду жана бир катар кызматкерлерге эс алууга жолдомо тапшырды.

2024-жылы Талас облусунда кылмыштардын бирдиктүү реестрине 574 сотко чейинки өндүрүш иши катталып, өткөн жылга салыштырмалуу -125ти түзгөн,  же -17,9%га азайган. Өндүрүштө болгон 545 сотко чейинки өндүрүш ишинин 514үнүн бети ачылып, кылмыштардын бетин ачуу 94,3% түзгөн.

Кеңешменин соңунда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди толук аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.