Баткенде шахтада калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 16-январда Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде кен казуучу уранды астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 13 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулардын ыкчам аракети менен кен казуучу аман-эсен куткарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилди.
Абалы туруктуу.