Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссия Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнө текшерүү жүргүзүштү.
Азыркы мучурда аталган өрөөндөгү Көк-Кыя участкасында иштеп жаткан "Медер Ютком" туристтерди тосуучу конок үй ээсине өрт жана экологиялык коопсуздукту сактоо, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоо боюнча эрежелер түшүндүрүлдү.
Ошондой эле комиссия Кел-Суу көлүнө барып тоңгон муздун үстүнө кароо жүргүзгөн учурда эч кандай автоунаалардан май тамбагандыгы жана резина калдыктары калбагандыгы, айлана-чөйрөгө терс таасири тийгизилбегени аныкталган. Мындан ары Кел-Суу көлүнө автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынып, толук көзөмөлгө алынат.
Буга чейин интернет булактарында тараган муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө.