Жаңылыктар
Эми окуучулар класстан класска өтүү үчүн кыргыз тилден сынак тапшырат
Кыргызстан жаңылыктары
Эми окуучулар класстан класска өтүү үчүн кыргыз тилден сынак тапшырат

Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары кийинки класска өтүү үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилинен сынак тапшырышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрөт.

Ал эми кийинки жылдан тартып бул эреже 7, 8 жана 10-класстар үчүн дагы киргизилет. Сынак жазуу жана оозеки түрүндө жүргүзүлөт