Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Минкаб мүчөлөрүнө катаал жазага кабылып калбоо үчүн этият болууну эскертти (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев Минкаб мүчөлөрүнө катаал жазага кабылып калбоо үчүн этият болууну эскертти (видео)

2025-2026-жылдарга Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин эң төмөн көрсөткүчкө, 5-10 пайызга чейин түшүрүү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдары Кыргызстанда коррупциянын деңгээли болжол менен 70-80 пайыз болсо, азыркы күндө 30-40 пайызга түшкөн.

“Бардык мамлекеттик кызматкерлер биздин кол алдыбызда иштейт. Бирок кайсы жерге барып кимден сураба мен таза иштейм деп айтат. Эч ким мен кылмыш кылдым эле деп айтпайт. Эгер барыбыз таза болсок, таза, мыйзам чегинде иштесек анда коррупция кайдан келип жатат? Биздин аракеттерибиздин негизинде коорупциялык элементтер өлкөдө болуп жатат да. Ошондуктан мындан ары чечим кабыл алышыбыз керек, кайсы мекеме-ишканада, министрликтерде кызматкерлер коррупция менен кармалса, сөзсүз түрдө ал адам жеке өзү мыйзамдын негизинде жооп берет. Бирок кармалган кызматкердин жетекчиси да моралдык жактан жооп бериш керек. Анткени ошол министрликте же мекеме-ишканада тартип жок, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн жетиштүү иш-чара жүргүзүлгөн эмес. Сиздерден суранып кетем, эч кимиңиздер ушул мыйзамдын катаалдыгына туш болуп жабыркап калбаңыздар. Ошондуктан ушул багытка көңүл буруп, ар бир кызматтык күнүңөрдүн болбоду дегенде 1 же 2 саатын коррупцияга каршы күрөшүү багытына арнаңыздар. Ошондо жыйынтык болот”,- деди Камчыбек Ташиев.

Ташиев ошондой эле өткөн жылдын аягында президент тарабынан кол коюлган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кененирээк токтолуп, мыйзам шарттары тууралуу түшүндүрмө берди.

“Коорупциялык кылмыштарга шектелген адам соттун чечими менен сөзсүз түрдө түрмөгө камалат. Мыйзамга ылайык камалбай калган коррупционер болбойт. Экинчиден өмүр бою мамлекеттик ишке кайтпайт. Ал эми үчүнчү негизги маселе мамлекеттик-муниципалдык жана күч органдарында иштеген туугандары соттун чечими күчүнө киргенден кийин жумуштан алынат. Ушул маселелерди эске алыңыздар. Укук коргоо органдары ушул мыйзамдын үстүндө иштөө боюнча өзүнүн күч-аракеттерин күчөтөт. Бул президенттин тапшырмасы”,- деди УКМК төрагасы.

Президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон.