Жаңылыктар
Салык кызматынын борбордук аппаратындагы жазалоочу түзүм жоюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматынын борбордук аппаратындагы жазалоочу түзүм жоюлду

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мекеменин борбордук аппаратынын жаңы түзүмүн бекитти. Бул тууралуу бүгүн мекеменин аппараттык жыйынында жарыяланды.

Муну менен борбордук аппараттын текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарды. Бул башкармалык буга чейин негизинен ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген.

Эми текшерүү башкармалыгы пландаштыруу, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, отчеттуулукту түзүү, мониторинг жана методология менен гана алектенет. Бекитилген планга ылайык, текшерүүлөрдү аймактык салык органдары гана жүргүзөт. Алардын иш-аракеттерин көзөмөлдөө оңой, андыктан ал жердеги коррупциялык аракеттер дээрлик жокко эсе болот.

Эксперттер Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан көчмө текшерүү жүргүзүүнү жокко чыгаруу бюджетке келип түшүүлөргө оң таасирин тийгизет деп эсептөөдө.