Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын алдындагы Юридикалык академиянын ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы заман талабына жооп берген кесипкөй юристтерди, сот кызматкерлерин даярдаган заманбап окуу жай болорун белгиледи.
"Башкы прокуратуранын өзүнчө Юридикалык академиясынын ачылышы маанилүү тарыхый иш-чара. Учурда заман шартына жараша кесипкөй, компетенттүү адистерге суроо-талап өсүүдө. Академия билим менен тажрыйбаны айкалыштырган мыкты адистерди даярдайт деп күтөбүз", - деди мамлекет башчы.
Академия прокуратура, юстиция, укук коргоо жана сот органдарынын кадрларын даярдоо системасын өркүндөтүү максатында түзүлгөн.