Жаңылыктар
УКМК: Саламаттык сактоо тармагында коррупциялык көрүнүштөр өскөнү байкалууда
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Саламаттык сактоо тармагында коррупциялык көрүнүштөр өскөнү байкалууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик медициналык мекемелердин облустук жана райондук деңгээлдеги бардык жетекчилеринин катышуусунда координациялык кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн  кылмыш жазасы, тагыраагы "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам ченемдери түшүндүрүлдү.

Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда. Тактап айтканда, УКМК тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызмат адамы кармалып, 291,9 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекетке   кайтарылган.  Коррупцияга байланышы бар 25 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар 4 жооптуу кызматкер кызматтан кеткен. 

Жыйындын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди, алар:

1) коррупциялык кылмыштар менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат;

2) коррупциялык кылмыштар үчүн айып төлөө менен кутулуу эч мүмкүн эмес;

3)  оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайы мамлекеттик кызматка алуудан баш тартылат; 

4) жаран коррупциялык кылмыштарга күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн  жарымын өтөйт. 

Кеңешменин алкагында белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилди.