Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу аяктап калды. Жол быйыл жаз айларында пайдаланууга берилерин Биринчи радионун түз эфиринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер жолчусу Айбек Калмаматов билдирди.
Жол инвестициялык долбоорлордун алкагында курулуп, учурда куруу иштери 100 пайыз аяктады.
“Долбоордун алкагында 887 млн. доллар каралган. Жолдун узундугу 453 чакырым. Көк-Арт ашуусунда узундугу 3 чакырым болгон эки туннель салынды. Жолду куруу иштери өткөн жылдын аягында бүткөрүлгөн”, - деди ал.
Азыркы Бишкек-Ош жолуна экинчи альтернативдүү жол катары саналган Түндүк-Түштүк жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад багытында. Жол ишке берилсе өлкөнүн Жалал-Абад менен Балыкчынын аралыгы 6 саат болуп калат.