Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Аталган Макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын миграция, бир тараптын мамлекетинин экинчи тараптын мамлекетинин аймагында болгон жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташуу каралган.