Жаңылыктар
Абайлаңыз, шылуундар көбөйдү! Салык кызматы жарандарга кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Абайлаңыз, шылуундар көбөйдү! Салык кызматы жарандарга кайрылды

Салык кызматы шылуундар көбөйгөнүн эскертти. Алдамчылар өздөрүн салык кызматкерлери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу кайрылышат жана Салык кызматынын башкармалыгынын башчысы сыяктуу адамдардын колу коюлган жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшөт. Алар бул билдирүүлөрдө ойлоп табылган жана жок салыкты төлөөнү талап кылышат.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу расмий билдирүүлөрдү жөнөтпөй тургандыгын белгилеп, жарандарды сак болууга жана шылуундардын айла-амалдарына алданбоого чакырат.

— Эч качан шектүү талаптар боюнча акча которбоңуз;
— Жеке жана купуя маалыматтарды бөлүшпөңүз. “Салык органынын” же башка мекемелердин болжолдуу кызматкерлери сураса дагы, эч качан сыр сөздөрдү, SMS коддорун же банк картасынын маалыматтарын бербеңиз;
 
— Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Шылуундар бузулган аккаунттарды колдонушу мүмкүн, ошондуктан билдирүү тааныш адамыңыздан келсе дагы ачпаңыз;
 
— Маалыматтарды текшериңиз. Эгерде сизге тааныш эмес номерлерден жазып жатышса, айрыкча мамлекеттик органдардын же банктардын атынан шектүү талаптар менен кайрылышса, анда маалыматты текшерип, бул ведомстволордун өзүнө кайрылыңыз. Расмий сайттарда көрсөтүлгөн номерлер боюнча уюмга чалыңыз;
 
— Салык кызматкеримин деген адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүү зарыл.