22-23-январда Кыргызстанда абанын температурасы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде кар катуу жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда туман түшүп, абанын температурасы төмөндөйт.
Жолдордо кар күрткүсү жаралып, муз тоңот. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
23-январда түштөн кийин жана 24-25-январда абанын температурасы кескин сууктайт.
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15...-20°, түндүгүндө -19...-24°, күндүз -4...-9°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14...-19°, Кара-Буура районунда -17...-22°, күндүз -6...-11°;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү аймактарында түнкүсүн -6...-11°, күндүз 0...-5°;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11...-16°, күндүз -3...-8°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20...-25°, күндүз -5...-10;
- Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -18...-23°, күндүз -7...-12°;
- Тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25°, күндүз -8...-13°;
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35°, күндүз -15...-20°;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31...-36°, күндүз -15...-20° болот.