Каракол шаардык мэриясынын туризм боюнча адиси Бекжан Мамытовдун айтымында, быйыл шаарда кышкы конокторду тосууга шарттар түзүлүп, жаңылануулар кирди. Алардын бири - шаардын ат майданындагы узундугу 140 метр, туурасы 60 метр муз аянтчасы болду.
«Каракол шаарында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө. Мисалы, шаардын ат майданында шаардагы эң чоң муз аянтчасы курулду. Ошондой эле спорт туризмин өнүктүрүү максатында көптөн бери унутта калган хоккей талаасы уюштурулду. Ал талаада командалар арасында байма-бай оюндар өтүп жатат. Аны менен катар чет өлкөдөн келген туристтер абдан кызыгуу менен ойношууда. Муниципалдык ишканалар өзүн-өзү каржылаган деңгээлге келди»,- дейт ал.
Учурда Каракол шаарында жалпы 7 муз аянтчасы иштейт. Спорттун хоккей түрүнө кызыккандар шаарга жакынкы айылдардан бери келишүүдө.