Ысык-Көл облусунун Алтын-Арашан айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылында 1 гектар жер аянтына муниципалдык унаа базары салына баштады.
Ага райондук өнүктүрүү фондунан 4,4 млн сом бөлүнүп, базарды ачууга айыл өкмөтү тарабынан тегереги курчалган 1 гектар жер берилди.
Аталган унаа базары облустун муниципалдык мал базарынын тушунда жайгашкан. Февраль айына чейин керектелүүчү бардык шарттары түзүлүп, ишке берилет. Ал эми кызмат көрсөтүү акысы жергиликтүү кеңештин жыйынында чечилери күтүлүүдө.