Жаңылыктар
Нарындыктар Арктикадагы көчмөндөрдүн турмушу менен таанышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындыктар Арктикадагы көчмөндөрдүн турмушу менен таанышууда

 Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинде “Арктикадагы көчмөндөр” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. Ага Орусиянын мамлекеттик этнографиялык музейинен келишим менен алынып келинген 50дөн ашуун сүрөттөр коюлган. Көргөзмөдө музей кызматкерлери -50 градус суук аймак эсептелген Арктикада жашаган 17 улуттун каада-салты, жашоо-турмушу тууралуу көрүүчүлөргө маалымат беришти.

16-январда расмий ачылган көргөзмө Нарын шаарында бир ай бою коюлуп, кызыккандарга маалымат берилип турат.

 “Арктикада жашаган якут, хакас жана башка улуттардын маданияты, эмне үчүн көчмөн турмушта жашап калган, алар багып жүргөн түндүк бугуларынын өзгөчөлүгүн чагылдырган көргөзмө уюштурдук. Кызыккан адамдар Арктиканын географиялык абалы, планетадагы эң суук катаал жерде жашаган элдин жашоо турмушу тууралуу маалымат ала алышат”, - деди  аталган музейдин экспозиция бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Кыдырова.

Арктикада эскимос, чукча, якут өндүү 17 ар башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Бирок саны аз келип, бардыгы 50 миң гана адамды түзөт. Сүрөт көргөзмөдө дал ушул саны аз улуттардын колдонулган буюм-тайымдарынын баары бугунун терисинен, сөөгүнөн жасалганы жана мергенчилик кылып, балык уулоо менен жан бакканы тууралуу кызыктуу маалыматтар камтылган.