Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар элге былтыр 23 миллион сомдон ашык чыгым алып келгенин облустук бийликтен кабарлашты.
Облус боюнча өткөн жыл ичинде 64 уй, топоз, 148 жылкы, 220 тай жана 214 кой-эчки карышкырга жем болуп, мындан улам теңиртоолуктар 23 миллион 139 миң сомдук зыян тарткан.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү атайын түзүлгөн иш-чаралардын негизинде жана мергенчилердин көмөгү менен облус боюнча жалпы 103 карышкыр, 1 бөлтүрүк, 181 чөө жок кылынганын билдирди.