Бишкектин азык-түлүк базарларында учурда эттин бир килограммы 500 сомдон баштап сатылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүн мекеме кызматкерлери социалдык маанидеги азыктардын бири болгон эттин баасына Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларында мониторинг жүргүздү.
Анда Аламүдүн базарында бодо малдын эти 550-600 сом, жылкы эти 500-550 сом, кой эти 500-590 сом, Орто-Сай базарында бодо мал эти 550-650 сом, жылкынын эти 500-600 сом, кой эти 580-600 сом, Ош базарында бодо мал эти550-580 сом, жылкы эти 450-550 сом, кой эти 550-580 сомдун тегерегинде сатылып жатканы белгилүү болду.
Аталган базарларда эт үчүн уюштурулган социалдык аянтчалар бүгүнкү күндө да иштеп жатат.