Акыркы жылдары Баткен шаарында “кызыл сызыктан” чыгып курулган объекттердин саны өсүүдө. Бул көрүнүш көп учурда мыйзам талаптары сакталбагандыгын, ошондой эле жер бөлүштүрүүдө маселе бар экендигинен кабар берет. Дал ушул маселени жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.
Анын алкагында шаардагы М.Нургазиев, М. Салихов, Сайдыман ажы, Т. Садыков, Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү айрым турак жайлар, соода-сатык дүкөндөрү “кызыл сызыктан” чыгып кеткени аныкталды. Бул курулуштардын ээлерине “кызыл сызыктын” мааниси түшүндүрүлүп, быйылкы жылдын 31-январына чейин аларды жылдыруу тууралуу эскертүү берилди.
Аны менен катар шаардагы тротуарларды мыйзамсыз ээлеп, соода жүргүзүү маселеси да курч бойдон калууда. Негизинен тротуарлар жөө адамдар үчүн коопсуз жана тоскоолдуксуз өтүүчү жол катары каралган. Мыйзамсыз соода кылуу жолду тарытып, адамдардын жүрүүсүн кыйындатаары айтылды. Бул боюнча шаар тургундары, турак жай ээлери жол кеңейтилсе жөө жүрүүчүлөр үчүн да, айдоочуларга да жакшы болот деген пикирлерин билдиришти.
Түшүндүрүү ишинин жүрүшүндө шаар боюнча “кызыл сызыктан” чыккан 56 курулушка эскертүү берилди.
Бул эскертүүлөр эске алынбаса жергиликтүү бийлик чара көрүү укугун колдонууга мажбур болот. Бул чараларга айып пулдар, мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрүн тартипке келтирүү жана тиешелүү санкцияларды колдонуу кирет.