Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштери күн жылый баштаганда Жалал-Абад облусунун аймагында туннель куруу менен башталат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, темир жолду куруу иштери суук аба ырайына байланыштуу азырынча баштала элек. Ал жаздын келиши менен март айынан тарта башталат.
“Темир жолдун жалпы узундугу 523 чакырым. Ал Кытайдын Кашкарынан баштап Торугартка чейин келет. Торугарттан башталган Кыргызстандын ичиндеги аралык 305 чакырымды түзөт. Жол Торугарт – Арпа – Макмал, андан кийин Жалал-Абад аркылуу Өзбекстанга өтөт. Бул темир жолдун потенциалы өтө чоң, анткени жалаң эле транзиттик жүк ташуулар эмес, Кыргызстанга керектүү ички каттамдар аткарылып, жүктөр ташылат. План боюнча 2030-жылы темир жолдун курулушу бүтүп, ачылышына баарыбыз күбө болобуз деген тилегибиз бар. Үч мамлекетти темир жол аркылуу байланыштырган бул жол аркылуу Кытайдан чыккан жүктөр Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу өтүп, Түркмөнстан менен Иранга барат. Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Грузия, Түркия, андан тышкары, Европа мамлекеттерине жол ачылат”,- деди Дастан Усубакунов.
2024-жылдын 27-декабрында стратегиялык долбоор болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна президент Садыр Жапаров старт берген.