Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык, УКМК тарабынан коррупцияга бөгөт коюуга багытталган профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында Энергетика министрлигинде кеңешме өткөрүлдү.
Тактап айтканда, Энергетика министрлигинин жыйындар залында жалпы саны 250гө жакын адамдан турган борбордук аппараттын кызматкерлеринин, ошондой эле "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын, "Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы" ААКтын, КР Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын, "Кыргызтранснефтегаз" МИнин, "Электр станциялары" ААКтын, "Нарынгидроэнергокурулуш" ААКтын, "Чакан ГЭС" ААКтын, "Кыргызкөмүр" МИнин, Чуй электр тармактар ишканасынын жана Бишкек ТЭСдин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.
Жогоруда аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча маалыматтар түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, катышуучуларга мисал катары УКМК тарабынан 2020-2024-жылдар аралыгында энергетика чөйрөсүндө аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жана фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.
Жолугушуунун соңунда Энергетика министри Т.Ибраев жетекчилерди туруктуу негизде түзүмдүк бөлүктөрдүн жамаатына бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.