Жаңылыктар
Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

Бүгүн эртең мененки 9:45 чамасында Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылында катуу шамал болду. Анын кесепетинен айылдагы орто мектептин чатыры толугу менен учуп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткандар жок. Айылдагы Осмонов орто мекетебинин директору  окуучулар онлайн окууга өткөнүн билдирди.

Катуу шамал болгон айылда учурда аймактык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү иш алып барууда.