Жаңылыктар
Ысык-Көлдө 45 жаштагы аял төрөттөн каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө 45 жаштагы аял төрөттөн каза болду

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун төрөтканасында 45 жаштагы кош бойлуу келин көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул аялдын жетинчи төрөтү болгон. Аял төрөтканага толгоо тартып келген. Бирок абалы начарлап кеткен. Көрүлгөн чараларга карабай аял төрөгөнгө чейин эле каза болуп, ичиндеги баласы да чарчап калган.

Учурда Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча облустук деңгээлде териштирүү жүрүп жатат