Жаңылыктар
ИИМдин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында кеңешме өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМдин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында кеңешме өткөрүлдү

Бүгүн, 2025-жылдын 22 – январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-  УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында ИИМдин Бишкек ШИИББинде Бишкек ШИИББнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана өздүк курамынын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга  коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдаштырылган жаза, тагыраагы  кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

УКМК тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, КР ИИМде, укук коргоо органдарынын ишинде туруктуу коррупциялык схемалардын сакталышы байкалууда. Муну 2021-жылдын башынан 2024-жылдын аягына чейинки статистикалык маалыматтар да тастыктап турат..

Тактап айтканда, 135 кылмыш иши козголуп, Бишкек шаары боюнча КР Ички иштер министрлигинин 35 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошону менен бирге УКМК кызматкерлери тарабынан белгиленгендей, акыркы мезгилде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери көбөйүп, алардын бир жактуу иликтенүүсү байкалууда, ал үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлери белгилүү бир материалдык жыргалчылыкка ээ болушуп, мындай көрүнүш менен алар мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын беделине терс таасирин тийгизишүүдө.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, коррупциялык кылмыштар үчүн жазалоонун негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу КР ИИМдин Бишкек ШИИББинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана өздүк курамына маалымат берилди.

Кеңешменин алкагында белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Буга байланыштуу чогулгандарга коррупцияга жол бербөө жөнүндө эскертилди.