Нарын шаарында жылуулукка болгон төлөм акы 25 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Нарын жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 29 - майында Министрлер Кабинетинин №287- токтому чыккан. Токтомго ылайык жылуулукка болгон тариф эки этап менен көтөрүлөт. Өткөн жылы калк 1 гигакаллорий үчүн 1248 сомдон төлөп келишсе, быйылкы күз - кыш мезгилинде биринчи этап менен 1560 сомдон төлөп жатышат.
“Буга чейин мамлекет тарабынан ар бир абонентке 65 пайыз төлөм (субсидия) берилип келген. Бул үчүн өткөн жылы 97 миллион сом, быйыл 80 миллион сом бөлүнгөн. Мындай каржылоо 2028-жылы толугу менен токтотулат. Биздин мекеме ошого чейин өзүн-өзү камсыздоого жетишишибиз керек. Буга байланыштуу тариф эки этап менен жогорулайт. Биринчи этабы ишке ашты, экинчи этабы июнь айында ишке ашып, дагы 25 пайыз жогорулап 1 гигакаллорий жылуулук 1950 сом болот. Бара-бара менчик үй үчүн жергиликтүү калк коммуналдык кызмат акыларын өздөрү төлөшү зарыл”,-деди Аманбаев.