Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Ош шаарынын мэрлигине дайындалган Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштырды. Төрага алгач Президент Садыр Жапаровдун жаңы дайындоолор тууралуу жарлыктары менен тааныштырып, жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалады.
Президент Садыр Жапаровдун бүгүн эртең менен жарыяланган жарлыктарына ылайык, Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Дагы бир жарлык менен Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Анын алдында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиевди башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча да жарлык чыккан.
57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэрлигине 2022-жылы 29-ноябрда дайындалган эле.
Жаңы мэр Жеңишбек Токторбаев да 57 жашта. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган.
Ош – Кыргызстандагы экинчи ири шаар, республикалык маанидеги эки калаанын бири. Борбор Азиядагы тарыхый, байыркы шаарлардын катарында. 350 миңдей калкы бар.