Жаңылыктар
Балыкчыда катуу шамал оорукананын чатырын учуруп, эки жаран жабыркады
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда катуу шамал оорукананын чатырын учуруп, эки жаран жабыркады

Бүгүн, 23-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында саат 06:22 чамасында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, катуу шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезеси талкаланган. Анын кесепетинен 2 жаран жабыркаган. Учурда алардын абалдары туруктуу жана дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан ыкчам топ тартылды жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.