Нарын облусунун аймагындагы унаа жолдор, анын ичинде Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы ашуу-белдер жолчулардын көзөмөлүндө.
Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Кубанычбек уулу Нурбектин айтуусунда, Долон ашуусунда 3-4 см, Оттук капчыгайында 4-5, Кызыл-Бел ашуусунда 1-2 см, Чар участкасына 3-4 см, Нарын-Орук-Там унаа жолунда 2-3 см кар жаады. Ал эми Торугарт, Түз-Бел, Ак-Бейит шууларында кар жааган жок, жол ачык.
Унаа жолдордун тайгак участкаларына кум-шагыл аралашмасы чачылды. Ар бир жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.