Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, жеңил унаалар үчүн жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдады.
Маалыматка караганда, кар көчкүдө калган 5 жеңил унаа чыгарылган, жабыркагандар жок.
Ал эми, Сосновка, Арал посторунда жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектɵɵлɵр дагы деле күчүндɵ.
Буга байланыштуу мекеме тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежесин сактоого чакырат.