Жаңылыктар
Түрк дүйнөсүндөгү жаңы маданий долбоорлор
Маданият
Түрк дүйнөсүндөгү жаңы маданий долбоорлор

Түрк маданияты жана мурасы фонду Кыргызстанда да бир катар долбоорлорду ишке ашырганы турат.

Түрк тилдүү элдердин материалдык жана руханий мурастарын коргоо, изилдөө жана даңазалоо  - Түрк маданияты жана мурасы фондунун башкы максаты. Фонд түрк элдеринин кол өнөрчүлүк, фольклор, тарых, адабият жана башка маданий тармактардагы мурастарын сактоо, өнүктүрүү, чыңдоо жана жайылтуу максатында ишмердүүлүгүн жүргүзүп, илимий конференцияларды, маданий иш-чараларды, көргөзмөлөрдү жана ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырып келет. Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү боюнча биринчи демилге 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын 9-саммитинде көтөрүлгөн. Бул демилге колдоого ээ болуп, 2012-жылдын 23-августунда фонддун уставы кабыл алынган.  Акыркылардан болуп 2024-жылы Түркмөнстан менен Өзбекстан фондго кирүү чечимин жарыялашкан. Штаб-квартирасы Баку шаарында жайгашкан фонддун азыркы президенти Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, искусство илимдеринин доктору, композитор Актоты Райымкулова.



                        Алгачкы жыйын

Фонд 12 жылдык тарыхында биринчи жолу Азербайжан Республикасынын маданият министринин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин маданият министрликтеринин жетекчилери менен Фонд кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Анда фонддун 2025-жылга карата ишинин стратегиялык багыттарын аныктоо боюнча талкуулар жүрүп, иш-чаралар планы жана бюджети бекитилип, фонддун алдында консультативдик-эксперттик комитет түзүлдү.

                       “Түрк мурасы” каталогу

Фонд 2024-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий мурас объектилеринин «Түрк мурасы» каталогун даярдоо боюнча активдүү иштерди баштады. Ошентип түрк дүйнөсүнүн бир катар маанилүү архитектуралык эстеликтерин жана байыркы кол жазмаларын жандандыруу максатында аларды реставрациялоо жана музейлештирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кийинки жылдарда Азербайжан Республикасынын Карабак аймагында жайгашкан бир катар тарыхый-маданий объектилерде реставрациялоо, музейдик, археологиялык жана консервациялоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

                   Билим берүүдөгү билгилик

Билим берүү тармагы фонддун негизги ишмердүүлүгүнүн бири. Буга чейин TMМФ түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары жана адабият асылдары тууралуу түрдүү китептерди басып чыгарган. Бул китептерди даярдоого түрк тилдүү изилдөөчүлөрдү жана адистерди тартууга өзгөчө көңүл бурулат. Фонд ишке ашырып жаткан билим берүү программалары боюнча адистерге да артыкчылык берилет. Стамбулда өткөрүлгөн биринчи билим берүү программасы 2025-жылы бардык Түрк тилдүү мамлекеттерде өткөрүлүшү пландалууда.

                Жалпы тарых жана баалуулуктар

Фонддун демилгеси менен түрк дүйнөсүнүн көптөгөн шаарларында жана окуу жайларында орток тарыхты жана баалуулуктарды изилдөө, үйрөнүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү борборлору ачылды. 2025-жылы мындай борборлорду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде, ошондой эле Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Венгрияда ачуу пландалууда.

                    Түрк Discovery

TMМФ өзүнүн ишмердүүлүгүндө заманбап инновацияларды жана резонанс жараткан технологияларды да камтыйт. Түрк дүйнөсүнүн материалдык жана руханий мурастары, байыркы каада-салттары жана улуттук баалуулуктары тууралуу берүүлөрдү жана даректүү тасмаларды көрсөтүүчү Түрк Discovery YouTube платформасы да Фонддун долбоору.

Улуттук майрамдар, кол өнөрчүлүк жана улуттук кийимдер -  Түрк дүйнөсүнүн искусствосу жана кол өнөрчүлүгү менен байланышкан мындай көрсөтүүлөрдү платформада көрсөтүү убакыттын өтүшү менен кеңири жайылат. Жалпы түрк музыкасы да фонддун изилдөө жана таанытуу объектилеринин бири экенин баса белгилей кетүү керек.

                    Эл аралык илимий долбоор

Эл аралык долбоорлорго ийгиликтүү катышып жаткан фонддун илимий ишмердүүлүгү мактоого арзырлык. Мисалы, 2024-жылдын 13-декабрында Парижде “Лексикографияда дүйнөнүн картасы: Дивану Лугат-ит-Түрктүн 950 жылдыгы” аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү. Ооба, түрк тарыхынын бул орток баалуулугун дүйнөдөгү фундаменталдуу жана маанилүү эмгектердин бири катары таануу фонддун жетишкендиктеринин бири.

                  “Алтын алма”

2025-жылы TMМФнын эң чоң долбоорлорунун бири – жакынкы келечекте ишке ашырыла турган түрк мамлекеттеринин жана элдеринин маданиятын жана мурастарын жайылтуу боюнча бирдиктүү платформаны ишке киргизүү. Фонд «Алтын алма» деп аталган бул платформаны Азербайжандын маданий тармагындагы эң чоң медиа ресурстарынын бири болгон «Адабият жана искусство» порталы менен бирге ишке ашырат. Долбоор фонддун ишмердүүлүгүн түрк мамлекеттерине жана түрк тилдүү элдерге жеткирүү, түрк дүйнөсүндөгү маданий жаңылыктарды ар бир элге жеткиликтүү кылуу, түрк элдеринин орток маданиятын жана мурастарын кеңири жайылтуудан турат. Учурда платформада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия жана Түркмөнстандын өкүлдөрү бар. Кийинки этапта платформа өзүнүн ишмердүүлүгүн дүйнө жүзү боюнча англис, орус жана башка эл аралык тилдерде кеңейтет.

               Жаңы перспективалар

Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын 11-саммити 2024-жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн.  Саммиттин жыйынынын алкагында TMМФ Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде уникалдуу көргөзмө ачты.  Махмуд Кашгаринин бай мурасына арналган көргөзмөнүн ачылышына TMМФнын президенти Актоты Райымкулова катышты.

Фонддун уставына ылайык, 2025-жылы Фонддун Кеңешине төрагалык кылуу Казакстан Республикасына өткөн. Фонддун II Кеңешин 2025-жылдын февралында Астанада өткөрүү пландалууда.