Жаңылыктар
“Садыр менен Камчынын үйүн курчагыла” деген жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
“Садыр менен Камчынын үйүн курчагыла” деген жаран кармалды

Социалдык тармактар аркылуу бийликке каршы массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырык жасаган постторду жарыялаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМК тарабынан кармалды.

УКМКнын бүгүн, 23-январда берген маалыматына караганда, кармалган жаран Камчы Көлбаев үчүн өч алуу максатында фейк аккаунттар аркылуу бийликке каршы массалык башаламандыкка чакырган посторду жарыялап турган. Анын постунда “Кыргыздын жигиттери даяр болгула, Садыр менен Камчынын үйүн курчагыла, канга-кан, жанга-жан, Ташиевдин апасын ушундай ыйлатабыз деген”, - сөздөр жазылган.

 «Огуз» деген каймана аты бар, 1988-жылы туулган бул шектүү жаран кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) жана 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.