Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө өткөн жыл ичинде жарандардан 894 арыз-даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Алардын ичинен 496 жаран жазуу, 343 жаран оозеки, ишеним телефон аркылуу 2 жанар кайрылса, Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” уктуруусу аркылуу 53 жаран кайрылган.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кайрылуулардын басымдуу бөлүгүн турак жай, жер маселеси, турак жайларын мыйзамдаштыруу жана материалдык жардам сурагандар түзгөн.
Жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү, алардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандар тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө жардамдарды көрсөтүү Президенттин “Коомдук кабылдамалар жөнүндөгү” №197-тескемесине ылайык, өкүлдүн аппаратында жана бардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Коомдук кабылдамалар уюштурулуп, видео көзөмөл жабдуулары коюлган.