Таласта 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, былтыр облустун өнөр жай тармагындагы көрсөткүч 33 млрд. 856 млн. сомго жеткен. Салык төлөмдөрү 9 млрд, 881 млн сомго аткарылып 103,4% ттүздү. Облус боюнча 160 ар кандай багыттагы ишкана ачылып, 763 кошумча иш оруну пайда болду.
2024-жылы облуста ири ишканалар курулуп, пайдаланууга берилди. Кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн Бала-Саруу ГЭСи ишке кирди. ГЭС жылына 92 млн. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Талас районунда темир бетон буюмдарын жасоочу кичи завод, Бакай-Ата районунда таш майдалоочу завод пайдаланууга берилди. 35 жылдан бери иши токтоп турган Талас аэропорту реконструкциялоо иштеринен кийин жаңыланып, аптасына 1 жолу ички каттамдар жүргүзүлүп жатат. Кароосуз калган мурдагы драмалык театрдын имараты толугу менен жаңыланып, облустук ички иштер башкармалыгы жайгашты.
Талас шаарында 5 кабат, 11 блоктон турган көп кабаттуу мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Асфальт төшөө жумуштарына 295 млн. сом жумшалып, 36,3 км. асфальт басылды. Облус боюнча 62 социалдык объектиде курулуш иштери жасалып, жалпы 6 млрд. сом каражат жумшалды.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында 820 дыйкан-фермерге 310 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. 112 даана айыл чарба техникалары алынды.
Ошол эле учурда облуста дарыгерлердин жетишсиздиги курч экени, 162 медицина кызматкери жетишпестиги айтылды.