Жаңылыктар
Нарын: Кызамыкка чалдыккандардын көпчүлүгү эмдөөдөн баш тарткандар
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Кызамыкка чалдыккандардын көпчүлүгү эмдөөдөн баш тарткандар

Нарында жыл башынан бери кызамык илдетинин 30 учуру катталды. Өткөн жылдын январь айында бул оорунун 27 учуру катталган. Бул тууралуу Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатова билдирди.

Анын айтуусунда, ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар жана  эмдөө албагандар.

“Быйыл 22-январга карата эле 30 учур катталды. Анын 15 учуру Нарын шаарында,  6 учуру Нарын районунда, 5 учуру Ат-Башы,  Кочкордо  2, Жумгал менен Ак-Талаада бирден учур. Булардын ичинен 26сы эмдөө албагандар, башкача айтканда 13 учуру эмдөөдөн баш тарткандар болсо, калгандарынын эмдөөгө жашы жете электер. Оору ички миграциянын негизинде өсүш берип, 14 жашка чейинки балдар арасында болууда. 

Ооруну жеңүүнүн жолу эмдөө алуу. Ар бир үй-бүлөлүк медицина топторундагы эмдөө пункттарында вакцина жетиштүү. Медицина кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып барышууда. 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар, мектептеги окуучулар, орто жана жогорку окуу жайдагы  студенттер, мугалимдерге эмдөө кампаниясы жүрүп жатат”, - деди иммунолог.

Аталган борборго кызамык оорусуна каршы 2024-жылы 76 миң 500 доза вакцина келген. Учурда 73 миң 250 доза вкцина бар.