Жаңылыктар
Кочкордо бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкордо бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

Кочкор районунда бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Кочкор районунун прокуратурасы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыр Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин жеке тараптын менчигине берип салышкандыгы аныктады.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына тапшырылды.

Ошону менен катар жеке тараптын бала бакчанын имаратына жана жер тилкесине карата болгон укук аныктоочу документин жана анын каттоосун жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына доо арыз келтирилип, учурда каралууда.