Жаңылыктар
Нарында “кара тизмеге” кирген курулуш компаниялары жок
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында “кара тизмеге” кирген курулуш компаниялары жок

Нарын облусунда өткөн жыл ичинде 11 социалдык объекти курулса анын бешөө мектеп имараты. Бул объектилер республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен курулса, түрткү берүүчү гранттын эсебинен беш футбол аянтчасы колдонууга берилген. Ал эми быйыл 19 объекттин курулушу пландалууда.

Мындай маалыматтар Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыйынында айтылып, облустагы курулуш тармагындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Ага Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов, облус жетекчиси, күч түзүмдөрүнүн башчылары, техникалык көзөмөл кызматынын, курулуш ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Ислан Момоконов курулуштун көпчүлүгү 2022-2023-жылы башталган объектилер экенин белгилеп, кээ бири 2015, 2017-жылы башталып, курулушу жай жүрүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле, одоно ката кетирген курулуш компаниялары лицензиясынан дагы кол жууп калышы ыктымал экенин эскертти. Ал агенттик тарабынан курулуш компаниялардын кара тизмеси даярдалганын, Нарын облусу боюнча кара тизмеге кирген курулуш компаниялары азырынча жок экенин белгилеп, бирок ага талапкерлер бар экенин кошумчалады. 

Жыйында дубан башчы Алтынбек Эргешов куруучуларды милдеттерин так аткарууга чакырып, ар бир курулуш эл көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

“Өз үйүңүздөргө кандай жакшы мамиле кылсаңыздар, башка имараттардын курулушуна дагы ошондой мамиле кылыңыздар. Курулушка керектүү ар бир продукциянын сапатын текшерип, узак мөөнөткө кызмат кылгыдай, көрктүү, тыкан жасаңыздар. Орто жана кичи ишкерликти колдойбуз, бирок ишинин сапатын дагы талап кылабыз”-деди облус жетекчиси.