Жаңылыктар
Ош жана Жалал-Абад шаарларында да ыш маселеси чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош жана Жалал-Абад шаарларында да ыш маселеси чыгууда

Кыш мезгилинде каптаган кара түтүн маселеси Бишкекте эле эмес, өлкөнүн башка шаарларында да байкалууда. Маселен, Ош, Жалал-Абад, жада калса чакан делген Талас шаарында да анча-мынча ыш маселеси чыгууда. Бул тууралуу бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.

Министрдин айтымында, эми ыш боюнча мекемелер аралык коммиссия кеңейтилип, бул шаарлардагы ышка байланышкан абал боюнча да жумуш топтору түзүлөт. Ошондой эле ышка каршы Бишкекте колдонулуп жаткан тажрыйбалар мындан ары Ош жана Жалал-Абад шаарларында коллдонула баштайт.

Министр ордо калаа Бишкекте акыркы жылдарга салыштырмалуу азыр ыш азаюу тенденциясында экенин, бул темпти мындан ары да тездетүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи.