Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда лапороскопиялык аппараттын жардамы менен адамдын ички органдарына операция жасалууда.
Айыл аймактагы ооруканада мындай шарт түзүлгөнүн уккан жаш дарыгер Абдыкалык Маматов өз каалоосу менен Орусиядан айылга келип иштей баштаган.
Дарыгер бул жабдуу менен акыркы алты айда 60тан ашуун операцияны ийгиликтүү жасады. Анын бул аракети мамлекет тарабынан колдоого алынып, “Дарыгердин депозити” мамлекеттик программасы аркылуу айлыгына кошумча акы төлөнүүдө.
Аталган жабдуу бейтаптын денесин кеспей туруп, ички органдарына кичинекей тешиктер аркылуу кирүү аркылуу оптикалык аспаптын жардамы менен операция жасоого мүмкүндүк берет. Бейтап 3 күн ичинде үйүнө чыгарылат.