Жаңылыктар
Санариптик аутизм санаасы
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик аутизм санаасы

Санариптик аутизм деген эмне?

Санариптик технологиялардын тездик менен өнүгүүсү дүйнөнү өзгөрттү. Бүгүнкү күндө жашообуздун ар бир чөйрөсүндө смартфон, планшет жана компьютер колдонулуп, алар жашоо образыбыздын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бирок бул технологиялык прогресс коомго жаңы көйгөйлөрдү да алып келди. Алардын бири катары “санариптик аутизм” деген түшүнүк акыркы жылдары илимпоздордун жана коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

Санариптик аутизм - электрондук түзүлүштөргө ашыкча көз карандылыгынын натыйжасында пайда болгон социалдык жана эмоционалдык өнүгүү проблемасы. Бул термин медицинада же психологияда расмий диагноз катары кабыл алынбаса да, көптөгөн адистер муну олуттуу маселе деп эсептешет.

Атын атап чакырганда көнүл бурбоо, сезбөө, күнүмдүк адаттардан тышкары эмгектерди жасабоо, сүйлөбөө бул санариптик аутизмдин алгачкы белгилери. Бул баладагы гаджеттерге көз карандылык менен байланышкан абал. Ушундан улам балдардын сүйлөө жөндөмдүүлүгү артта калган учурлары көбөйгөн.

Экран алдындагы убакыттын узактыгы балдардын көрүүсүн гана өстүрүп, кыймыл-аракеттин жоктугунан дене-бою, сүйлөө жөндөмү, ой-жүгүртүүсү артта калат. Анткени так сүйлөө адамдын кыймыл-аракетинен жана дүйнө таанымынан көз каранды. Логопеддер алгач балдардын кыймыл-аракеттерин жакшыртууга көнүл бурат. 

 Кантип алдын алууга болот?

Санариптик аутизм — бул заманбап коомдун чыныгы көйгөйү. Анын терс таасирлеринен качуу үчүн технологияны колдонууда тең салмактуулукту сактоо маанилүү. Ар бирибиз технологияларды туура пайдаланып, чыныгы жашоодогу баалуулуктарды сактоого аракет кылсак, санариптик аутизмдин алдын алуу мүмкүн болот.

2 жарым жаштагы баласынын  сүйлөө жөндөмү артта калып, учурда логопеддерге көрүнүп жаткан ата - Уланхан Өмүрбек уулу ата-энелерге коңгуроо кылат. Анткени баласына дайым телевизор коюп берип, экран алдында канча убакыт отурганына көзөмөл кылган эмес.  Натыйжада баланын  кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү жана сүйлөө жөндөмү арта калган. 

“Ата-энелерге айтар элем, балдар менен көп убакыт өткөрүү зарыл экен. Көр оокат деп жүрө берип, балабыздын өнүгүүсүнө көңүл бурбаптырбыз. Андан тышкары ата-энебиздин дагы эски түшүнүктөрү “тили 5 жашында деле чыгат, барын жаңсап, көрсөтүп берип жатпайбы” деген сөздөрү жоошутчу. Азыр жакшы.  Бир аз сүйлөп калды. Эми телевизорго убакытты азыраак бөлөбүз”, - деди ал.

Адистердин пикиринде, азыркыдай технология өнүккөн доордо балдар үчүн экран алдында өткөрүлүүчү убакытты чектөө зарыл. Америкалык педиатрия академиясы 2 жашка чейинки балдарга экран колдонбоону сунуштайт. Чоңдор балдарга үлгү болуп, технологияларды туура колдонуу маданиятын көрсөтүшү зарыл. Жаратылышта убакыт өткөрүү жана спорт менен алектенүү социалдык жана физикалык өнүгүүгө жардам берет.