Жаңылыктар
Президент Кытайдагы элчи Актилек Мусаевага сөгүш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Кытайдагы элчи Актилек Мусаевага сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Актилек Мусаевага сөгүш бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда элчиге сөгүш Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарын даярдоо ишинде кетирилген одоно катасы жана мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн берилгени айтылат.

“Өлкө башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мусаева Актилек Ишенгазыевнага сөгүш берилди”, - деп жазылат расмий маалыматта.

Актилек Мусаева Кытайдагы элчилик кызматка 2022-жылдын 27-сентябрында дайындалган.  Ал 2009-жылдан 2013-жылга чейин Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде биринчи катчы жана кеңешчи болуп иштеген.