Жаңылыктар
Кыздарды коркутуу менен зордуктап жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыздарды коркутуу менен зордуктап жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалды

Шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктап жүргөн адам маркум Дөө Чыңгыз менен Камчы Көлбаевдин жакын кишиси болгонун бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2013-жылдан бери К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе болуп, “воровского общаканы” системалуу түрдө толуктап, "Дөө  Чыңгыз" каймана  аты менен белгилүү кримтөбөл Ч.Жумагулов менен да жакын мамиледе болгон. 

Шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу менен жарандарга ар кандай басым жасап, тагыраагы шантаж жана коркутуу жолу менен кыздарды зордуктаган. Зордуктоо жана УКТны каржылоо фактылары жабырлануучулардын арыздарынын материалдары менен тастыкталат.

Ыкчам маалыматтарды документтештирүү жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө-оперативдүү иштер  жүргүзүлүүдө.